Кадамжайда түн ичинде жарандын телефонун тартып алганга шектүү кармалды

Баткендин Кадамжай районунда телефон тоноочулуктун бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кадамжай шаарынын 53 жаштагы тургуну түн ичинде жолдо бараткан учурда белгисиз жаран анын 19 миң сомдук телефонун алып, денесине жаракат келтирип белгисиз жакка качып кеткен. Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кадамжай РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда 8 жолу сот жообуна тартылган Кадамжай шаарынын 26 жаштагы Н.Н. аттуу тургуну кармалган. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur-sultan
2021-05-15 23:27:37
Сакалды жөн эле өстүрүп алышат экен да. Сүннөт деп. Карактоо дагы "сүннөт" окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан