Баткен бажысынын кызматкерлери наркы 800 миң сомдон ашык болгон контрабандалык жүккө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен бажысынын кызматкерлери Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында Mersedes Benz Actros үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшерүү жүргүзүшкөн.
"Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан Өзбекстанда өндүрүлгөн жалпы наркы 838 миң 125 сом болгон 24 миң 883 килограмм керамикалык плиткалар (кафель) табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө", - деп айтылат кабарда.