Италиянын "Ювентус" футболдук клубунун жетекчилиги каржылык кыйынчылыктарына байланыштуу оюнчуларына өтүнүч менен кайрылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматка ылайык, клуб жетекчилиги оюнчуларынан маянаны төрт айга жылдыра турууну суранган. Клубдун футболчулары бул сунуш боюнча азырынча чечим кабыл ала электиги белгилүү болду.
Коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылы "Ювентус" клубу оюнчуларынан айлык акыны кыскартып турууну суранышып, футболчулар макул болгон. Бул клубга жылына 90 миллион евро үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берген.
Сезон бүтөрүнө эки тур калганда "Ювентус" 72 упайы менен турнирдик жадыбалда бешинчи орунда келүүдө.