Ош облусунда мал уурулук кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Ош облусунда мал уурулук кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ош ОИИБинин ыкчам кызматынын кызматкерлерине 12-май күнү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында бир жаран мал уурулук кылып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"13-май күнгө караган түнү саат 02:20 чамасында Ноокат районунун Бел айылында Өзгөн районунун Кароол айылынын 33 жаштагы тургунуна таандык Мерседес-Бенц унаасы токтотулуп тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүү учурунда унаадан 8 баш мал табылган. Ал эми аларды уурдап бара жаткандар 24 жаштагы С.у.Б. жана Кара-Суу районунун Тарылга айылынын 22 жаштагы тургуну К.у.Б. аттуу жарандар мал уурулукка шектелип, тергөөдөн качып жүрүшкөндөрү аныкталган. Уурдалып бара жаткан мал ээлерине кайтарылып берилди", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан