АКШда аял утуш баасы 26 миллион доллар болгон лотереялык билетин кокусунан жууп салган

АКШнын Калифорния штатынын тургуну утуш баасы 26 миллион доллар болгон лотереялык билетин кокусунан жууп салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы аял Норуолк шаарындагы дүкөндөрдүн биринен SuperLotto Plus лотереялык билетин сатып алган. Аны кийиминин чөнтөгүнө салып, кийин байкабастан аны жууп салган. Көп өтпөй ал билет сатып алган дүкөнгө келип, билети кокусунан кийими менен жуулуп кеткенин айткан. Дүкөндөгү видео байкоону лотерея утушун өткөрүп жаткан өкүлдөргө бергени менен алар видеонун негизинде аялдын өздүгүн тактай алышкан эмес. Мындан улам аял 26 миллиондук утушунан кур калган. Мыйзамга ылайык, утуш берилбегендиктен анын 19 миллион 700 миң доллары Калифорниядагы мамлекеттик мектептерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2021-05-14 22:46:45
Жаль, очень жаль
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан