Түркия 17-майдан тарта коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү акырындык менен алып баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдү акырындык менен алуу иштери 17-майда башталарын билдирди.
"Дүйшөмбүдөн баштап чектөөлөр алына баштайт. Бул процессти акырындык менен ишке ашыруу керек. Бул жалпы элдин коопсуздугу үчүн маанилүү. Кадимки жашоого тезирээк кайтып келүү үчүн санитардык эрежелерди сактоо керек", - деген президент.
Белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө 29-апрелден 17-майга чейин карантиндик чектөөлөр киргизилген болчу. Ага ылайык, бардык ишканалар, мейманканалар жана башка оюн-зоок, соода борборлору жабылып, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана жана ооруканалар гана иштеп жаткан.
Ал эми 30-апрелден тарта орусиялык Спутник V вакцинасы эмдөө үчүн колдонула баштаган.