Токмокто 2 адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто 2 адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Кечээ, 14-майда саат 22:30 чамасында Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө айдоочу 2000-жана 2004-жылы туулган жөө адамдарды сүзүп, аларга жардам бербестен качып кеткен. Жабырлануучулар ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле күнү кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну К.Р. кармалды. Учурда кармалган адам Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобуна өткөрүлүп берилип, анын Ниссан Либерти үлгүсүндөгү унаасы айып аянтчасына токтотулду", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан