"Кумтөр" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан тастыкташты.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, компаниянын кеңсесинен касса, документтер жана айрым техникалар алынды.