UFC: Антонина Шевченко АКШлык атаандашынан жеңилип калды (видео)

16-майга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШлык Андреа Ли менен беттешти.

Экинчи раундда беттеш партерге өтүп, АКШлык мушкер Шевченкону муунтууга аракет кылып жатты. Жыйынтыгында раунддун бүтөрүнө 8 секунд калганда Ли сабмишен ыкмасы менен кыргыз мушкеринин колун кайрып, жеңишке жетти.

Андреа Ли карьерасында 17-беттешке чыгып, 12-жеңишке жетишти. Буга чейин ал 5 ирет жеңилип калган. Ал эми Антонина Шевченко UFCде 3-ирет жеңилүү ызасын тартып жатат. Ал буга чейин 9 беттеште жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2021-05-16 11:27:00
Эч нерсе эмес алга Антонина!
+5
rysik79
2021-05-16 11:34:01
За то Валя жеңилбейт.
+5
Dembele84
2021-05-16 13:29:15
Антонинада эжесиндей талант жок экен.Чемпион болушуна шанс жок!Но эжеси менен чогуу тренировка кылып,спаринг партнер болуп журуп турса да жакшы
+1
Stervashka
2021-05-16 18:40:19
Dembele84,Антонина эжеси болот Валянын.84-жылкы кыз.
0
Altyn10076
2021-05-24 12:17:47
Алга буйурса желек желбиреткен саатың да келет. Башыңды өйдө көтөрүп машыга бер карындашым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан