14-майда Чек ара кызматын кезметчилер чек арага жакын жайгашкан Тажик жаранынын үйү өрттөнүп жатканын байкаган. Кыргыз тараптын чек ара өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө аталган маалымат тастыкталып, тажик тарап коопсуздук үчүн чек арачыларын кыргыз аймагына убактылуу жылдырып турууну суранган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кийинки күнү, 15-майда тажик ЖМКлары жазган чек арага жакын жерде бак-дарактар кыйылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн эки тараптын өкүлдөрү Баткен районунун Кара айылында жолугушкан. Жолугушууда тажик тарап дарактардын кыйылып жатканын далилдей алган эмес.
"УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын расмий органдарын өрттөнгөн үй боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүп, аталган окуяга Кыргыз жарандарынын тиешеси бар экендиги айтылган калп маалыматтарды таратууга тоскоолдук кылууга чакырат.
Тажикстан ЖМКларынын жана айрым мамлекеттик органдарынын мындай билдирүүлөрү эки өлкөнүн мамилесинде чыңалууну пайда кылып, стабилдүүлүккө, тынчтыкка болгон аракеттерди текке кетирүүсү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.