"Ааламда бир да аялзат ажарлуу эмес сенчелик..." Чыгармачылык менен кошо балдарынын бактысына балкыган көп балалуу атактуу айымдар

2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары белгиленип келет. Быйыл аталган майрам 16-майга туш келди. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп калмакчы.

"Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт,

Энесиз үйгө барсаң көңүл толбойт.

Канчалар мээрим төгүп турса дагы,

Өз энеңдин мээриминдей мээрим болбойт". Ооба, эне деген эч нерсеге алмаштыргыс ыйык зат, ал ар бир баласын тогуз ай курсагында, 3 жыл колунда, ал эми өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүрөт эмеспи. SUPER.KG порталы Энелер күнүнө карата чыгармачылык менен кошо түмөн түйшүктүн арты менен балдарынын күлкүсүнө, дегеле бакытка балкып турган, тагыраагы көп балалуу атактуу айымдарыбызды тизмектеп көрдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова 4 баланын мээримдүү энеси.

Кыргыз шоу-бизнесинин Баатыр энеси Гүлнара Кахарова 7 баланын мээримдүү энеси. 30 жылдан ашуун убакыттан бери сахнада жүргөн ырчы эжекебиз, чыгармачылык менен үй-бүлөсүн бирдей алып, ошол эле учурда балдарына татыктуу тарбиясын берип келет. Баатыр эне наамына чуркаган эмесмин, балдарым эч бир наамга салыштыргыс байлыктарым деп айтканы бар.

Учурунда кыргыз эстрадасына өз салымын кошкон ырчы эжекебиз Чолпон Алсеитова 5 баланын бактылуу энеси. Жолдошу Аскар Карыбаев менен бирге балдарына татыктуу тарбиясын гана бербестен, чыгармачылыкты да бирдей алып келе жатышат.

«Чиркин өмүр» телесериалында Генералдын жубайы Нурчайды баарыбыз эле билсек керек. Актриса Жандат Жаманбаева жолдошу Мукамбет Токтобаев экөө беш баланы эрезеге жеткирген. Учурда неберелеринин сүйүктүү чоң апа, таенеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-05-16 18:43:26
Гулзаданын көкулү бар Чыңгызхан баласы жакты. Жаштыгым эсиме түшуп кетти, инилеримин чачын атам ушундай кылып алчу. Мен да кийин неберемин чачын кудай буюрса ошондой кылып алдырам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан