Тышкы иштер министри дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу АКШнын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакбаев элчи Луну Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады. Жолугушууда акыркы жылдардагы тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды, кызматташуунун келечектүү багыттары, алдыда боло турган эки тараптуу байланыштардын графиги талкууланды. Кызматташуу жөнүндө базалык макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү оң бааланды.

"Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту. Министр элчиге ак жол жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары бекемдөө ишиндеги анын жаңы кызматына ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан