Ырчы Айдана Дека экинчи наристесин күтүүдө. Мындай сүйүнүчтүү кабары менен ал Инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Кудай буюрса, жакында экинчи ирет эне болом. Ушундай сонун майрамда сүйүнүчтүү жаңылыгымды сиздер менен бөлүшкүм келди", - деп жазган ал.
Айта кетсек, Аваз Акимов менен Айдана Дека 2019-жылдын март айында баш кошуп, 2020-жылдын 16-январында Ариана аттуу кыздуу болушкан.