Биз социалдык тармакта

Исхак Масалиев кубанычтуу кабары менен бөлүштү

Мурунку депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Айтымында, ал неберелүү болуп, кубанычы коюнуна батпай турат.

"Уулум Адылбек жана жубайы Мунара. Алар бизге ушул кичинекей кереметти 10-майда тартуулашты. Апам тирүү кезинде неберемдин атын Азам деп коюуну кыялданчу. Апамдын тилеги орундалып, Масалиев Азам Адылбекович төрөлдү.

Азам планетанын башка миллиондогон балдары сыяктуу эле бактылуу болсун. Биздин бүт жашообуз балдарга арналган. Адыл менен Мунарага рахмат! Сиздердин да ар бириңиздерге ушундай таттуу кубаныч каалайм!", - деп жазды Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aza2100
2021-05-17 10:20:18
Жакшы каалоо тилектер жазылыптыр, биз дагы Кыргызстандагы бардык балдарды Аллахым өзү сактап, балалыктын бактылуу күндөрүн көрүшсүн.
+6
MDF
2021-05-17 10:23:26
Бактылуу болсун
+4
Uli6886
2021-05-17 10:28:15
Омуру акыл-эси менен берген болсун, ден-соолугу чын келечекте Бабасынын кылган иштерин уланта турган Кыргызга куйгон жигит болсун!
+3
Kombi
2021-05-17 23:44:51
Ыймандуу мээримдуу инсан болсун. Эл журтуна кызмат кылган акылдуу жигит болот деп ишенем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан