"Жөнөкөй малчы, дыйкандын баласын окутуп, алардын жогорку окуу жайларга окуп калышына себепчи болгонума сыймыктанам" дейт мугалим Чынара Жакыпова (маек)


Чынара Жакыпова Чоң-Алай районундагы Саит Алайчы уулу атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенет. Ал билим берген окуучулар жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды алып, өлкөнүн мыкты окуу жайларына окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мугалим менен окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча тажрыйбалары жана сүйүктүү кесиби тууралуу баарлаштык.

- Саламатсызбы Чынара эжей. ЖРТ башталып калбадыбы, окуучуларыңызда даярдыктар кандай болуп жатат?

- Окуучулардын 11 жыл алган билимин сыноочу убакыт жакындап калды. Ноябрдан тартып эле катуу даярдыктар башталган. Окуучулар жума сайын 2 күн математикадан, 2 күн кыргыз тилден даярданышат. Күн сайын кечинде онлайн тестирлөө болуп турат. Эң жогорку упай алган окуучуга айдын аягында белектер берилет.

- Сиз өзүңүз да тестирлөөгө катышып турат экенсиз. Эмне себептен?

- Бир нече жолу ыктыярдуу тесттерге катышкам. 2019-жылы чыныгы ЖРТга катыштым. Жашым улуу болгондуктан, окууга сөзсүз тапшырасыңарбы деп сурашат экен. Ошондуктан жыл сайын катышууга мүмкүн эмес. Ыктыярдуу тесттерди тапшырып турам. Себеби окуучулардын тест болуп жаткан учурдагы сезимдерин түшүнүү, алардан артта калып кетпөө, өзүмдүн деңгээлимди улам өстүрүү, окуучуларга үйрөнгөн нерселеримди үйрөтүп туруу керек.


- Окуучулар тестирлөө учурунда кандай каталарды кетириши мүмкүн?

- Тест учурунда окуучулар толкунданып жатып, убакыт чектелүү болгонуна байланыштуу шашып калышат. Мен деле тест учурунда билген эле нерселеримди ката кылып алган учурлар болгон. Биринчиден, өзүңө ыңгайлуу кийиниш керек. Экинчиден тынчтанып, толкунданбай, шашпай кадимкидей эле отуруу керек. Ал үчүн ыктыярдуу тесттерге көбүрөк катышуу, атайын даярдануу кажет. Жоопту белгилерден мурун ошол нерсеге канааттануу керек. Мисалы, окуучулар туура эле жооп берет. Бирок дагы кошумча иштеши керек болгон нерсени унутуп коёт. Ошондой эле белгилеп жатканда варианттарды адаштырып алуусу мүмкүн.

- ЖРТдан жогору упай алам дегендерге кандай кеңеш бергиңиз келет?

- ЖРТга өзүңдүн потенциалыңды аныктап алып, ошого жараша максат коюп даярданыш керек. Кээ бир окуучулар 110, айрымдар 150, кээ бирлери 200дөн көп балл ала алышат. Коюлган максатка жетүү үчүн көп эмгектениш керек. Адамдын оюу максатка жетүүдө негизги ролду ойнойт. Улуу балам 210, кызым 208 балл алды. Өзүм 207 балл алгам. Бул борбор шаардан алыс, маалымат жакшы жете бербеген район үчүн жакшы жетишкендик. Ошондой эле окуучулар эрктүү болуп, смартфонду убакыт коротуучу каражат эмес, билим алууда эң пайдалуу курал катары колдонуулары керек.


- ЖРТга даярдап жатканда мугалимдер эмнелерди эске алышы керек?

- Азыркы замандын мугалими маалымат технологияларын билиши керек. Ал аркылуу өзүнүн предметтерине байланыштуу жаңы билимдерди алып, өзүн өнүктүрүп туруусу кажет. Айтып эле үйрөтпөстөн, көрсөтүп үйрөтүүсү зарыл. Азыркы учурда мүмкүнчүлүктөр толтура. Онлайн курстарда окуп, онлайн тесттерди тапшырып дегендей. Интернеттен каалаган маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Окуучу өзү изденип, жоопкерчиликти сезиши керек. Биздин айылда лицей, гимназия, менчик мектептер жок. Мен жөнөкөй мектепте иштеп, жөнөкөй малчы, дыйкандардын балдарын окутуп, аларды жогорку окуу жайларга окуп калышына себепчи болгонума сыймыктанам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан