Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы "Кумтөр" боюнча тынчсыздануусун билдирди

Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы Жогорку Кеңеш "Kumtor Gold Company" компаниясын мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу процессин баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн деп терең тынчсызданат. Бул тууралуу "Kumtor Gold Company" компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кандай гана чечим болбосун, ал Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөрдүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек келтирет деп ишенебиз. Бул өлкөнүн экономикасынын калыбына келишине жана инвесторлордун иштеши үчүн коопсуз жай делген кадыр-баркына тобокелчилик жаратат. Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы өз акционерлери, башка эл аралык каржы институттар жана чет өлкөлүк, ата-мекендик ишкерлер менен биргеликте тыгыз иштеп, мындай аракеттердин терс таасирине алардын көңүлүн буруу жана реакциясын жумшартуу боюнча иш алып барат.

Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын бийлиги менен биргеликте инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш алып барууну, ошондой эле адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө турган инвестицияларды алып келүүнү көздөйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-05-17 11:34:14
Канча жылдан бери пайда бербеген эми беришмек беле алсын озубузго
+1
Rusbayastan
2021-05-17 11:43:17
Кулака тенкенди жакшы корот окшойт
0
NURSAPAR
2021-05-17 17:40:16
ПШНХ деп коюуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан