Баткен облусунун Кадамжай районунда 11 жаштагы бала кой кайтарып жүрүп тоодон кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-май күнү саат 11:20 чамасында Бирдик айыл аймагындагы Тескей айылынын Ууру-Сай жайлоосунда 2010-жылы туулган бала кой кайтарып жүрүп тоодон кулап түшкөн. Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жабыркаган балага биринчи жардам көрсөтүп, андан ары дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Учурда абалы орто.