АКШдагы жана Израилдеги бухаралык еврейлердин жамааты өзбек эстрада ырчысы Юлдуз Усманованын Палестина-Израиль чатагына байланыштуу айткан пикирине нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, алар Усманова Израиль элинен "антисемиттик сөздөрү" үчүн кечирим сурашы керек деп эсептешет. Айрымдары "Юлдуз Усманованы Өзбекстандын Эл артисти наамынан ажыратуу керек" деген пикирин билдирген.
13-майда Юлдуз Усманова өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу Палестина-Израиль жаңжалы боюнча оюн билдирип, "Израилди баскынчы" деп атап, "аны мамлекет деп эсептебейм" деген.
Ырчы Палестина элине тилектештигин билдирип, "керек болсо Палестина үчүн күрөшүүгө даяр экендигин" айткан.
"Израилди мамлекет деп эсептебейм. Себеби алар өздөрүнүн баскынчы экендигин жакшы билишет. Адам өмүрүндө бир эле жолу өлөт. Керек болсо согушууга даярбыз. Керек болсо биз биригебиз. Палестиналыктар биздин баатырлар. Алар бул жерди коргоп жатышат", - деген Юлдуз Усманова.
Эске салсак, 11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Анын кесепетинен эки тарапта кагылышуу курчуп, ондогон адам каза болуп, жүздөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышкан.