Бир суткада 6 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды

Бир сутка ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына ылайык, жаңы катталгандардын ичинен 1 учур кызыл зонада. Калгандары:

Бишкек шаарында – 4;

Чүй облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 миң 552 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 8 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Өлкө боюнча жалпы – 4482 медициналык кызматкер айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан