Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 68 жашка толду

Бүгүн, 17-майда коңшу Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнү. Ал бүгүн 68 жашка толду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алма-Ата шаарында туулган.

Ал 2019-жылдын 9-июнунда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо 70 пайыздан ашуун добушка ээ болуп, Казакстан Республикасынын президенти болуп шайланган. 12-июндан баштап расмий түрдө мамлекет башчысы катары кызматына киришкен.

Казак ажосу дени сак жашоо образын жактырат. Ал көркөм, саясий жана мемуардык адабияттарды окуганды жакшы көрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан