Борбордо 5 жашар баланы БМВ үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти
Кечээ, 21-октябрда саат 18:30дар чамасында Бишкек шаарында 5 жашар баланы БМВ унаасы сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады. БМВ унаасынын айдоочусу 1986-жылы туулган Ж.С. аттуу Ош облусунун тургуну. Алдын ала иликтөөлөр боюнча, автоунаа борбордук аянтта бара жатып, 5 жашар С.Өмүрбекти сүзүп кеткен. Жол кырсыгынан жаракат алган бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, учурда тергөө жүрүүдө.
aziz1990, соттун өкүмү чыккыча "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат.
0
ilgez
2013-10-22 23:58:36
BMW айдагандар опкосун колтуктап алат, светофордо да, башка жерде да эрежени коп бузат.
+2
Sagy
2013-10-23 00:15:53
ilgez, Шайтан машине!
0
sher89
2013-10-23 05:57:10
азыркы учурда баардык айдочуу болууну каалагандар айдоо куболугун сатып алууда, мен ойлойм, эгерде гайишниктер жолдо ар бир унааны токтотуп пдд боюнча суроо узатса ал эми бир. эле суррогожооп бере албаса анда айдоо укугунан ажыратуу керек деп башынан окуп алсын. бирок кайда? ата кун ай анда да баягы эле корупция деген бар эмеспи. билбейм кантип онолорубузду! жаш баланын ден соолугу чын болсун ал эми айдоочууга мыйзам чегинде жоопко тартылышын каалап кетер элем без корупция.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.