Ош облусунун Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай дарыяга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы 2 эркек киши каза болгон.
Жерине куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар унааны суудан чыгарышкан.