"Аалам сулуусу" сынагынын быйылкы жеңүүчүсү мексикалык кыз болду (сүрөт)

"Аалам сулуусу" эл аралык сынагы жыйынтыкталды. Быйыл Мексиканын атынан катышкан Андреа Мес сынактын жеңүүчүсү деп аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"Андреа ушунчалык өзүнө ишенгендиктен, сулуулук сынактарына катышуудан тартынбайт. Ал буга чейин 2017-жылы "Дүйнөнүн вице-сулуусу" наамына ээ болгон. Ал кесиби боюнча программист. Андреа Мес эркектер басымдуулук кылган тармакта иштегенине абдан сыймыктанат. Ошондой эле ал аялдар укугун коргоочу институттар менен тыгыз кызматташып, гендердик зомбулукту токтотууну көздөйт", - деп жазышкан ЖМКлар.

Таймаштын финалында Бразилия, Индия, Перу жана Доминикан Республикасынын кыздары күч сынашты.

Быйыл сулуулар сынагы Флорида шаарында өттү. Буга чейин "Аалам сулуусу" наамын Түштүк Африканын өкүлү Зосибини Тунци алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sultan_Akyn7
2021-05-17 14:08:03
Дүйнө сойкулары деп өзгөртүп алышса туура болмок
-6
Agayu
2021-05-17 15:38:00
Сулуунуку кургабайт деп : ото эле акылсыз калк болуп калдык.Биринчи ушуларга барып бутуна жазайын дегилечи: жалатат бекен ? .Сулулук кандай керемет нерсе .Ал учун Адам эмнелерди кылбайт .Сулуулар учун жанын да аяшпайтго .Аз МАЗ реалдуу СУЙЛОШТУ колго алгыла Песимисттер
-7
muslima-0788
2021-05-17 17:29:28
ыстырашылкалар го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан