Биз социалдык тармакта

Трактор айдап, селфиге түшүп... Президенттин Ысык-Көлгө болгон сапарында эмоцияга бай сүрөттөрү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында жаңыдан ишке кирген тоок фермасынын жана эт комбинатынын ачылышына катышты. Андан соң "Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization" 9-эл аралык марафондун ачылышында жөө күлүктөргө ийгилик каалады. Мындан сырткары Ысык-Көл жээгинде "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманкесине катышты.

SUPER.KG порталы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарындагы эмоцияга бай сүрөттөрүн тизмектеп чыкты.

Садыр Жапаров «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго катышкан учурунан сүрөттөр.

Садыр Жапаров Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" ири канаттуулар фермасынын ишке киргизилишине катышты.


Президент Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы "Рейна Кенч" эт комбинатынын ишке киргизилишине катышкан учурунан.

Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт.

Ысык-Көл жээгинде "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманкеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zumrudianka
2021-05-17 20:25:50
Аллахым озу колдосун президентибизди, душмандарын алсыз арсыз кылсын. Коргон сайын коз кубанат президентибиз жылдыздуу ыймандуу киши. Эл душмандарын Аллахым озу эл алдында уяткарсын
+10
NURSAPAR
2021-05-17 21:16:50
Акыркы сүрөттөгү чооооң адамдар кайдан болот экен ээ.
+7
nazira...
2021-05-17 21:25:42
NURSAPAR,мен да айтам да. Көлдүн кай жеринен келишти экен э.
+5
portugalia
2021-05-17 22:25:19
Садыр Жапаровду кудайым колдосун!Элдин ишенимин актап берсе экен.
+7
nazira...
2021-05-17 22:40:36
Майкачан селфи кылып аткандын шыйрагына чабвшпайбы, не деген бу, ажо менен да ошентип түшөбү.
-8
Atayar
2021-05-17 23:45:30
nazira...,кайсы жерине жазып коюптур мыйзамга майкачан Адам менен президент суротко тушпойт деп. Алар жоо кулук деп атпайбы.
+8
Mister-XXX
2021-05-18 00:46:41
"Рейна Кенч"деген эт комбинат кимге тиешелүү?
Кыргызча атаса болбойбу?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан