Биз социалдык тармакта

Депутат Рада Туманбаева Акылбек Жапаровго: "Кумтөр боюнча токтомдо жоопкер болсоңуз, жооп бергенге даярсызбы?"

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр" маселеси каралып жатат.

Анда депутат Рада Туманбаева: "Ушунча жылдан бери толтура комиссия түзүлгөн экен. Азыркы комиссия эмнеси менен айырмаланат? Кандай кепилдиктер бар?", - деп сурады.

Акылбек Жапаров: "Бир гана нерсеси менен айырмаланат. Буюрса, парламентке жеттик. Фактылардын баарын алып сыртка чыгып жатабыз", - деди.

Ошону менен катар эле Туманбаева Жапаровдон "Эгерде токтомдордо сиз жоопкер болуп калсаңыз, жооп бергенге даярсызбы?" деп сурады.

Акылбек Жапаров: "Жооп берем, ошон үчүн Кыргыз мамлекетинде качпай жүрөм. Мен мурунку президенттерди сыйлаган кишимин. "Кумтөрдү" иштеткенге бир тыйын карыз албай иштеткенге боло турганын көрүп ичибиз ачышып жатат", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан