Чүй облусунун Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү Жайыл РИИБине Кожомкул айылынын 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 10-майга караган түнү белгисиз адам анын сарайында турган 4 баш коюн уурдап кеткендигин жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жаран уурдалган малды Аламүдүн районуна караштуу мал базарлардын бирине алып барып сатып салгандыгы белгилүү болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканын кошумчалашты.