Чүйдүн Сокулук районунда 35 жаштагы эркек киши жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-май күнү 1981-жылы туулган жашоочу 2006-жылы туулган кызын күйөөсү зордуктаганын айтып арыз жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тергөө ишинде арыз ээси бул күйөөсү менен 2012-жылдан бери жашап келе жатканын, ал эми жабырлануучу кызы биринчи турмушунан экенин аныкташкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бирок ал бул маалыматты четке каккан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.