Кыргыз дзюдочулары 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өткөн кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кадеттер арасында Адина Кочконбаева (57 килограмм) жана Эржан Канатбеков (73 килограмм), ошондой эле өспүрүмдөр арасында Ажар Исаева (63 килограмм) Азия Кубогунун жеңүүчүлөрү болушту.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунда Кыргыз өлкөсү Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген 250гө жакын спортчу күч сынашты.