Бишкекте эки күн ичинде 148 унаа айып короо жайына токтотулду

Бишкек шаарынын аймагында 14-майдан 16-майга чейин жол кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 2 күндүк “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде жалпысынан 1 миң 438 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

- Унааны тийиштүү документтери жок башкаруу - 33;

- Мас абалында унаа башкаруу - 24;

- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 6;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөбөгөн айып пулдары бар унаалар - 14;

- Убактылуу айып короо жайына 148 унаа токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан