Биз социалдык тармакта

Күн ысык болот. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 18-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33,

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +17...+22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6 градус болот.

18-майда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +28…+30 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан