
Кыргыз өлкөсүнүн бокс боюнча курамасы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпиондук 21-майдан 1-июнга чейин Дубайда өтөт.
Спортчулардын тизмеси:
1. Мирлан Туркбай уулу, 49 кг;
2. Азат Усеналиев, 52 кг;
3. Акылбек Эсенбек уулу, 57 кг;
4. Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;
5. Омурбек Бекжигит уулу, 75 кг;
6. Эркин Адылбек уулу, 81 кг;
7. Жылдызбек Ниязалиев, ага машыктыруучу;
8. Данияр Тологон уулу, ага машыктыруучу;
9. Данияр Джусубалиев, башкы машыктыруучу;
10. Ильяс Маров, машыктыруучу.