Садыр Жапаров Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу менен сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда армян тараптын демилгеси менен Армения Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптар Кыргыз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле регионалдык жана ЖККУ менен ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян Кыргыз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган активдүү кызматташууну улантууга максаттуу багыт алышканын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2021-05-17 19:47:24
Кенеш сураган го кантип башкарып алдын, мага деле уйротчу деп )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан