Москва шаарындагы жана Москва облусундагы медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 2 жашка чейинки беш бала Кыргыз өлкөсүнө кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдарды кайтаруу иштери Орусия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен уюштурулган. Наристелер Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келиши менен балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылган.
"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү максатында жакын туугандарын издей башташат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын ичинде Орусиядан он бир бала кайтарылган.