Прокуратура: "Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча менен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды"

Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча менен жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районундагы социалдык маанидеги объектини жана жер тилкесин жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.

"Прокурордук текшерүү учурунда Новопокровка айыл өкмөтү менен М.А. аттуу жарандын ортосунда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан аянты 659,02 чарчы метр бала бакчанын имаратын болгону 123 миң сомго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлүп, кийинчерээк М.А. тарабынан бала бакчанын имараты тартуулоо келишими боюнча башкаларга өткөрүлүп берилгендиги такталган.

Ошондой эле көрсөтүлгөн айыл өкмөтү тарабынан жогорудагы М.А. аттуу жаранга Новопокровка айылындагы аянты 5222,74 чарчы метр болгон баасы 6 миллион 759 миң 800 сомдук жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Аталган жер үчүн жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты дагы алынган.

Жогорудагы белгиленген объектилерди мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук сотуна жана Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыздар киргизилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толук канааттандырылып, айыл өкмөтүнүн чечимдери жана жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты мыйзамсыз деп табылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер муниципалдык менчикке кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janibek1970
2021-05-17 21:41:44
Мамлекеттик жерлерди , бала бакчаларды,
Совхоздун контора гараждарын болбогон акчага мыйзамсыз сатып жиберген фактылар толтура. Ар бир айылдан чыгат жакшылап текшерсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан