Бишкек шаарында бүгүн, 22-октябрда Юнусалиев-Жигулевская көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Арман" дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Саат 16:40 чамасында өрт өчүрүү кызматынын кезекчи бөлүмүнө дүкөн өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Өрт саат 17:24тө өчүрүлгөн. Жабырлануучулар жок. Өрт эмнеден улам келип чыкканы учурда такталып жатат.