Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына жакын жерде унаадан өрт чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, Мерседестен чыккан өрт анын жанында токтоп турган Тойота үлгүсүндөгү жол тандабаска өткөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынан 1 бөлүм тартылган.
Унаадан чыккан өрт саат 15:49да чектөөгө алынып, 15:58де толугу менен өчүрүлгөн.