Ош ОИИБи: "Аэропортко учуп келген тажик жарандары сабалды" деген маалымат жалган"

"Ош шаарындагы аэропортко учуп келген тажик жарандары ур токмокко алынды" делген маалымат жалган. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым интернет булактарында "Ош шаарынын аэропортуна сырттан учуп келген чет өлкөлүктөргө, анын ичинен тажик улутундагыларга басым жасалып, ур-токмокко алынып жатат" деген жалган маалыматтар тарап, Ош аэропортуна тиешеси жок видеоролик менен коштолууда. Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, тарап жаткан видеодо көрсөтүлгөн окуя Кытайда болгон.

"Видеороликте бир белгисиз адамдардын өз ара мушташын жана белгисиз кара түстөгү автоунаанын жерде жаткан адамды тебелеп кеткендигин көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө Ош аэропортунда кандайдыр бир чет өлкөнүн жарандарына карата жасалган кылмыш же жорук катталган жок. Башка өлкөлөрдөн учуп келип жатышкан тажик улутундагы жарандар тууралуу укук коргоо органдары тарабынан маалыматтар алдын ала алынып, алар Өзбекстандын аймагына чейин коопсуздугу корголуп узатылып жатат.

Ал эми "Ош аэропортунда болгон окуя" катары таратылып жаткан видеоролик Ош аэропортуна таптакыр тиешеси жок жана провокациялык багыттагы видеоролик болуп эсептелинет. Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, бул окуя Кытай Эл Республикасында болгондугу аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2021-05-17 22:21:37
Жалган маалымат тараткандарга миң налаат болсун
+3
bond0202
2021-05-17 22:35:37
Учуп келген тажиктерди коштоп чек арадан откоруп тургула.учуп кете турганын да чек арадан тосуп алып учургула милициянын коштоосунда.биз аябай айкол элбиз да.товарларын да коштоп откоруп жатышат.через тажикстан учуп коргулочу не кылышат экен.
+14
nazira...
2021-05-17 22:37:45
Акмактар дагы эле коркпостон через Ош учуп жатышабы,уча беришсин өздөрүнөн бок барбы кыргызстанда.
+6
bond02
2021-05-17 23:27:30
Чын эле боло берсинчи маалымат.
+2
Nurtoruk
2021-05-18 00:39:48
Киргизбегиле тажиктерди ургулааа
+5
Mister-XXX
2021-05-18 00:42:42
Биздин өкмөт өтө коркок же өтө саткын.Эгер Тажикстан менен кыргыз жарандары учуп келгенде чекеден кырып салмак.
+5
roklait
2021-05-18 14:24:39
Тажиктерди өткөрбөш керек, баарынар эле ошо ойдо болсо керек, жаман көрүп калышты тажиктерди баары
0
guli-1980
2021-05-18 19:32:47
Чын эле өлтүрүш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан