Бүгүн, 18-май - Музейлердин эл аралык күнү. Бул күндү дүйнө коомчулугу Музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.
Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселе Советтер Союзунда да көтөрүлүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган.
Кыргыз өлкөсүндө бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу белгиленип, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш-чаралар жасалып келет.
18-майдын жылнаамасы.