Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого шектүү катары Талас облусунун Манас районунун жашоочусу 1981-жылы туулган М.З. кармалды. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин, 2021-жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине укукка каршы аракеттер боюнча арыз түшүп, анда жабырлануучуга 3600 АКШ доллары суммасындагы олуттуу чыгым келтирилгени маалымдалган.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда тергөө жогорудагы укукка каршы аракеттин чоо-жайын аныктоодо. ИИМдин маалыматы боюнча кармалган жаран М.З. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.