Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 19-майда кытай-орус биргелешкен атомдук объекттин курулушун баштоо иш-чарасына катышат. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, эки өлкөнүн лидерлери аталган иш-чарага онлайн форматында катышат.
"Си Цзиньпин жана Владимир Путин 19-майда онлайн режимде кытай-орус атомдук объекттин курулуш иштерин баштоо иш-чарасына катышат" деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2018-жылы Орусия жана Кытай атомдук энергия боюнча келишим түзгөн.