"Үйдүн алдында токтоп турган унааны айдай качкан". Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкекте бир нече уурулук фактыларына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү баасы 200 миң сом турган Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаасын 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган жеринен белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "унаа уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1994-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Мындан тышкары шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал унааларды уурдап, тетиктерин сатып же ээн жерге таштап кеткен фактылар белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан