Уруш кызганычтан улам чыккан. Сокулук районунда күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

17-май күнү саат 23:20 чамасында Сокулук РИИБине Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, 1992-жылы туулган Ж.Э. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары маркумдун күйөөсү, 1982-жылы туулган О.Н. кармалган. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө уруш кызганычтан чыгып, аял денесинен алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан