Бүгүн дагы Индияда сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

Индияда коронавирус инфекциясынан улам сутка ичинде 4 миң 329 адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 263 миңден ашуун адамдан инфекция аныкталган. Бул өлкөдө сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун буга чейинки рекорду 5-майда катталган. Анда сутка ичинде 3 миң 780 адам каза болгон.

Пандемиянын экинчи толкуну Индияда ушул жылдын февраль айында башталган. 21-апрелден 17-майга чейин күн сайын жаңы оорулардын саны 300 миң адамдан ашкан. Мындай көрсөткүч башка өлкөлөрдө каттала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан