Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Бүгүн, 18-майда Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи ичиндеги ун менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө саат 04:07де Токтогул райондук ӨКБнын 1 бөлүмү тартылган. Унаадан чыккан өрт саат 06:15те чектөөгө алынып, саат 08:08де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи күйүп кеткен, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан