Италиянын "Ювентус" футболдук клубунун португалиялык атактуу чабуулчусу Криштиану Роналду түнү менен Турин шаарынан өзүнө тиешелүү унааларын алып чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, унааларды алып чыгууну португалиялык компаниялардын бири жүргүзгөн. Компания Роналдуга тиешелүү жети унааны Турин шаарынан чыгарып кеткен.
Буга чейин Италия курамасынын мурдагы футболчусу Кристиан Вьери "Ювентус" клубу Чемпиондор Лигасын жеңбесе, Криштиану Роналду клубдан кете тургандыгын айткан. Спорттук басылмалар Роналдуну лиссабондук "Спортинг" клубуна өтөрүн жазышууда.