Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус шаарларда жана айылдарда ылдамдыкты саатына 30 чакырымга чейин чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
"Жол-транспорт кырсыктары балдардын жана өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Келгиле, коопсуз дүйнө үчүн коопсуз жолдорду куралы", - деген ДССУнун башчысы.
Уюмдун маалыматына ылайык, ар бир 24 секундда жол кырсыгынан бир адам каза болот.