УКМК: "Ири өлчөмдөгү акча каражатын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча эки жаран кармалды"

Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы К.Н. аттуу жаранга карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59 миллиард 500 миллион сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгарып кетүү боюнча эки жаран кармалды.

"Такталгандай, аталган эки жаран акча чогултуп, банк аркылуу Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө которуп турган. Учурда аталган коррупциялык схеманын уюштуруучуларын жана башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары аталган кылмыш ишине шериктеш 1973-жылы туулган Б.Ж аттуу жаранды издөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

УКМК сүрөттөгү жарандын жүргөн жери боюнча маалыматтар болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tihonkg
2021-05-18 14:31:53
59млрд оохууу кармайлы туугандар караштыралы сураштырайлы, бизде окмотту тонобогон адам барбы озу? бар болсо медаль тагыш керек болуп калды
+5
stal.ks
2021-05-18 15:24:54
Карызды кутула турган суммаго
+3
Jelezo
2021-05-18 15:38:34
Бул акча мамлекеттин акчасы болбосо керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан