Президенттин мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерек жаңы кызматка барат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, бүгүн анын мамлекет башчысынын администрациясындагы акыркы жумуш күнү.
"Мен Садыр Нургожоевич менен жакшы адамдык мамиледе экенибизге ишендиргим келет. Мага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды аткардым, эми жаңы жумушту аркалайм. Бирок бул тууралуу кийинчерээк маалымдайм", - деп жазды Байтерек.