ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: "Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы Зинанын образы менен таанылган Роза Азимбаева 35 жашка толду


Бүгүн актриса Роза Азимбаеванын туулган күнү. Ал 1986-жылы 18-майда Жалал-Абад шаарында туулган. Актриса калың журтка "Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы Зинанын образы аркылуу таанылган.

Роза Азимбаева "Министрдин кызынын махабаты" тасмасына тартылганына абдан өкүнгөнүн айтып келет.

"Тасманы тартуу учурунда кеп жери өзгөрүп кетти. Үйдөгүлөргө бул тууралуу айткан эмесмин да. Апам бет ачарына келип, унчукпай көрүп отурду. Анан сыртка чыкканда мени жаман карап "шашпай тур, үйге барганда сүйлөшөбүз" деген. Башында кинонун режиссёрун сотко берем деп чыкты. "Апа, бул менин өзүмдүн макулдугум менен болду" деп жатып араң токтотсом, "эми сени ким алат, шерменде?!" деп аябай жаман болгон. "Апа, ал жерде баары эле чын болбойт, монтаждалган да" десем деле болбой "кыргыздын эркектери түшүнмөк беле?!" деп урушкан. Эмне дээримди билбей, "апа, кыргыздар албаса, орустар деле бар го" деп тамашалап жоошутуп койгом. Тасмадан кийин мени көргөн-билгендер "бул өзү бузулуп кеткен кыз, ошон үчүн ушундай роль аткарды да" деп айтышса, дагы бири чыныгы Зинаны көргендөй мамиле жасашчу. Андан кийин эротикалык кадрлары бар киного тартылууга өзүмө тыюу салгам. Баягы уу-дуу ушактарды, чучугуңа жеткен сөздөрдү укканда кой дейт экенсиң. Анан да ал кезде 20 жашта, кеп нерсени түшүнбөгөн өрт кезимде тартылып калыптырмын. Азыр ойлосом, жылаңач денемди чакан чөйрө көрсө бир жөн, анан бүткүл кыргыздын мырзаларына көрсөтүш аябай чоң күнөө экен", - деген маектеринин биринде.

Элдин катуу сынына кабылган актриса аталган тасмага тартылгандан кийин бир канча жыл чет өлкөдө жашап келген.

Бул тасмага тартылгандан кийин белгилүү болгон актриса "Мен кыргызмын", "Соолуган карек", "Аялдык бакыт" жана башка тасмаларда да роль жараткан.


Андан сырткары Роза Азимбаева жакында ырчылыкка аттанганын жар салды. Репертуарында "Өкүнүч", "Эрке десем", "Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө" деген ырлары бар. Роза айым ырга клип да тарттырууга үлгүрүп, күйөрмандарына тартуулады.


"Чыгармачылыкка аттандым. Ырдап чыгуума арзуум түрткү болду. Буюрса, чыгармачылыкты улантам. Башында обонду үйрөнүү, жаттоо бир аз кыйыныраак болду, калганы жакшы, эч кандай кыйынчылыктар болгон жок", - деген ал.


2020-жылы 3-январь күнү Баткен драма театрында иштеп жүрүп, ал жактагы кесиптеши, аранжировкачы Алтынбек Нажимидинов менен баш кошкон. Жубайлардын оту күйүшпөй, үйлөнгөндөрүнө алты ай болгондо эки жолго түшүшкөн.

"Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз, тилегибиз, аракетибиз бир болгон жок. Экөөбүз эки башка адам болуп чыктык", - деген ал.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-05-18 15:21:05
Каап,апаңды жер караткан экенсиң да...
Эненин жүрөгү оорубасын.Эне сага жамандык каалабайт.
Экинчисинде күйөөңдү жер караттың.
Туура эмес кадам,өзүңдүн башыбызга таш болуп тиерин унутпасак.Элге белгилүү адам болсом деген кыялын бар экен.Ошол кыялга жетем деп,өзүңдү,ата-эненди,туугандарынды садака чаптын.Жакшы сапаттарын менен таанылсаң жакшы болмок.Не демекмин,бакыт каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан