
WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-22-май күндөрү Амман шаарында (Иордания) өтө турган Азия лицензиялык мелдешке катышат.
Курама команданын мүчөлөрү:
1. Марат Ниязов, СЧ, 58 килограмм;
2. Акбар Айтахунов, СЧ, 80 килограмм;
3. Валерий Тен, ага машыктыруучу.